SerepTV Logo

Депутаттар референдум өткөрүүгө макулдук беришти

Депутаттар референдум өткөрүүгө макулдук беришти
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 11-марттагы жыйында Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүүгө макулдук беришти. Аталган мыйзам долбооруна бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат "макул", 6 "каршы" добуш берди. Белгилей кетсек, референдум дайындоо боюнча маселе кечээ, 10-мартта, экинчи окууда каралган. Үчүнчү окууда кароо боюнча айтылган эмес. Ал эми бүгүн үчүнчү окуудан дагы добуш берилди. Өткөн жумада парламент биринчи окууда колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү "макул", 9у "каршы" добуш берген. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган. Бул мыйзамга бүгүн кечке чейин президент кол коюшу керек.
edita