SerepTV Logo

Депутаттыкка аттанган ырчы Анжелика Кайратова эскертүү алды

Депутаттыкка аттанган ырчы Анжелика Кайратова эскертүү алды
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы ырчы Анжелика Кайратовага эскертүү берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, ырчынын «Де-факто» гезитине берген маегинде рекламалык материалды ким төлөп жатканы көрсөтүлгөн эмес. Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Ырчы ат салышып жаткан «Биздин эл» партиясы интервью шайлоо өнөктүгү башталганча берилип, бирок, гезиттин катачылыгынан улам 12-мартта чыккандыгын айтышты. Мындан улам Анжелика Кайратовага кат түрүндө эскертүү берилди.
edita