Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угуп жатышат.
Равшан Сабиров менен Арсланбек Малиев маселе курч болуп жатканынан улам журналисттерсиз жыйын өткөрүүнү сунушташты. Аларды калган депутаттар колдоп, жыйын жабык эшик артында өтмөй болду.