SerepTV Logo

Депутаттар төраганын 4 орун басары болуусун сунуштап жатат

Депутаттар төраганын 4 орун басары болуусун сунуштап жатат
Жогорку Кеңештин 30-декабрдагы жыйынында парламенттин сунушталып жаткан түзүмү жарыяланды. Парламенттин түзүмүн иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Султанбай Айжигитов төраганын 4 орун басары сунушталганын билдирди. «Буга чейин 3 орун басар болсун деп сунушталган, бирок биз 4 орун басар керек деген чечимге келдик», - деди ал. Анын айтымында, 7 комитет сунушталууда:
  • Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
  • Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;
  • Финансылык-экономикалык саясат боюнча комитет;
  • Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;
  • Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет;
  • Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитет.