Депутаттар сунуштап жаткан преференциалдык шайлоо ыкмасы боюнча БШК эмне дейт?
Ар бир өлкө өзүнүн абалына, салтына байланыштуу парламенттин шайлоо тартибин тандап алат. Бул система айрым өлкөлөрдү эффективдүү иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта ЖКнын жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, бул система көптөгөн демократиялуу мамлекеттерде колдонулат.
"Азыркы сунуш Алтынбек Сулайманов айткандай, референдумда Конституция кабыл алынса, анда ага ылайык тийиштүү Конституциялык мыйзамдар да иштелип чыгат. Анын ичинде ушул 76-беренеде көрсөтүлгөн Конституциялык мыйзам менен ЖКнын депутаттарын шайлоо тартиби да аныкталат. Сунуштарды иштеп чыгуу үчүн, жалпы эле шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында азыр ведостволор аралык жумушчу топ түзүлгөн анын ичинде депутаттар, көз карандысыз талдоочулар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар. Азыркы сунушталып жаткан шайлоо тартиби албетте, шайлоонун бир жолу катары караса болот. Биз азыр өзүбүздүн ишибизди баштап жатабыз. Негизи бул система прогрессивдүү. Бирок биздин азыркы абалга байланыштуу өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бардык жагынан карап чыгуу керек",- деди ал.
Анын айтымында, БШКда фамилия менен добуш бердирүүгө мүмкүнчүлүк бар.
"Бизде заманбап технология колдонулат. Сиз ЖК тарабынан бекитилген тартипке ылайык программалар иштелип чыгат",- деди ал.
Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш күн тартибине киргизилип, учурда каралып жатат.
Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Эл өкүлү бюллетенге партиянын аталышы жана анын мүчөлөрүнүн тизмедеги номери (аты-жөнү жазылбайт) жазыларын айтты. Ошону менен катар ал сунушталып жаткан бюллетендин үлгүсүн көрсөткөн эле.