SerepTV Logo

Депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүнү сунуштады

Депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүнү сунуштады
Жогорку Кеңеште депутаттар шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо. Ага ылайык, Кыргызстанда 30 шайлоо округу болот. Ар бир округга 3 мандат берилип, анын экөөсү эркекке, бирөөсү аялга берилет. Демилгеленип жаткан мыйзам долбоорундагы негизги өзгөртүүлөр төмөнкүдөй болмокчу: - 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык система менен ар биринен үчтөн депутат шайланат; - 30 мандат аялдарга квота катары бөлүнөт. Аял талапкерлердин ичинен эң көп добуш алгандар депутат болуп шайланат; - Партиялар ар бир округдан бирден талапкерди көрсөтөт. Ошондой эле мүчө болбогон (башка партияларда мүчө болбосо) жаранды дагы талапкер катары көрсөтө алышат; - Депутаттын орду бошогондо (мандатынан ажыратылып же тапшырса) ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.