SerepTV Logo

Депутаттар педофилдердин жазасын жеңилдетүүгө тыюу салган мыйзамды колдошту

Депутаттар педофилдердин жазасын жеңилдетүүгө тыюу салган мыйзамды колдошту
Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев баштаган депутаттардын тобу "Жазык кодексинин мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби" жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, бул зордук-зомбулук көрсөткөндөр жана педофилдер боюнча мыйзам. "2021-жылдын статистикасын карап көрсөк, жашы жете электерге карата жасалган кылмышта боюнча жалпы 3 миң 34 кылмыш иши тергелген. Ошонун ичинен 293ү жыныстык кылмыштарды түзөт. 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы болгон экен. Мыйзамды өзгөртүп жаткан себебибиз – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен”, — деди ал. Депутаттын сунушу боюнча жашы жете электерге карата кылмыш кылып, ал жазага тартылчу болсо:
  • кылмыш иштин мөөнөтү өтпөйт;
  • өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилет;
  • мунапыска туш болбойт;
  • ооруп жатат деген маалым кат менен чыгып кете албайт (айыккан соң, түрмөгө киргиззилет);
  • жаза өтөө мөөнөтү узарат ( буга чейин кыскартылып салган);
  • порно-бизнеске жашы жете электерди тарткандарга салынуучу айып көбөйтүлөт.
Бул сунуш депуттар тарабынан биринчи окууда өттү.