SerepTV Logo

Депутаттар «Кавак» мамлекеттик ишканасын бюджеттен каржылоого макул болгон жок

Депутаттар «Кавак» мамлекеттик ишканасын бюджеттен каржылоого макул болгон жок

Депутаттар Министрлер кабинетинин “Кавак” улуттук компаниясынын уставдык капиталына бюджеттен акча бөлүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Мындай чечим Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин өкүлдөрү депутаттардан 1 миллион сом каржылоону бекитүүнү суранышты. Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин иштетүү үчүн “Кавак” улуттук компаниясы түзүлгөн.

«Кыргыз көмүр" турса эмне үчүн Министрлер кабинети жаңы мамлекеттик ишканаларды түзөт. Президент мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү убада кылган, бирок иш жүзүндө андайлар көбөйүп баратат. “Кыргыз туризм” жабылып, бирок Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлдү. Санариптик өнүктүрүү министрлигине Мамлекеттик мүлк фонду жакшы иштебей жаткансып, ишканаларды өткөрүп берди. Же Ширшов жакшы иштейби? Бул 1 миллион сом эч нерсени чечпейт, ортомчу ишканаларды ачуунун зарылдыгын көрбөй турам”, - деди депутат Дастан Бекешев. Комитет мүчөлөрү кесиптештердин сунуштарын колдошту.