SerepTV Logo

Депутаттар эмгек министрине Равшанбек Сабировдун талапкерлигин жактырды

Депутаттар эмгек министрине Равшанбек Сабировдун талапкерлигин жактырды
Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берген. 

Депутаттар анын талапкерлигине талкуусуз добуш беришти. 77 депутат "макул" деп добуш берди. Жалпы 83 депутат катталган.

Кечээ, 4-декабрда Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
edita