Депутат Закир Шарапов: "Орусияга болгон иш сапарда газдын баасын арзандатууга жетишүү керек"
Президент Садыр Жапаров 2 күндүк иш сапары менен Орусияга барып келди. Бул ажонун мамлекет башчы катары алгачкы иш сапары болду. Буга байланыштуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарына “Бул иш сапардан эмне күтүп жатасыз?” деп суроо салды.
Депутат Закир Шарапов ажонун биринчи иш сапарынан газдын баасын төмөндөтүлүшүн күтөрүн билдирди.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө финансылык тартыштык байкалууда. Жапаровдун иш сапарында жардам катары акча каражат, кредит же грант маселеси каралса керек. Ошондой эле күн сайын газ кымбаттоодо. Ошол маселени колго алып, газдын баасы тууралуу сөз болот деп айтылды, ошондон жакшы үмүттөбүз. Себеби "Кыргыз газды" биз убагында бүт мүлктөрүн кошуп 1 долларга берип жибергенбиз. Ал кандай шартта берилген жана кандай жооп болуш керек эле эми бизге белгисиз. Кыргызстан "Кыргыз газды" Орусияга ошондой жакшы шартта бергенден кийин, ишкананын учурдагы жетекчилиги да кыргыздарга жакшы мамиле кылыш керек эле да. Борбор шаарларга гана эмес айыл жерлерине да газ жеткирип, арзан баада берсе жакшы болмок", - деди Шапаров.