Депутат Закир Шарапов: "Күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынуусу зарыл"
Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында эл өкүлү Закир Шарапов акыркы убакта күндөн-күнгө күйүүчү майлардын баасы жогорулуп жатканын айтып чыкты.
Анын айтымында жаз келип калган учурда күйүүчү майдын кескин кымбаттап жатышын тийиштүү тараптар тыккыр көзөмөлгө алуусу керек.
“Жазгы талаа жумуштары башталган учурда мындай абал дыйкандар үчүн оорчулук жаратат. Андыктан, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, наркын туруктуу кармап туруу зарыл. Ошондой эле газдын баасы да коңшу өлкөлөргө караганда кымбат болууда. Орусиянын бизге болгон мамилеси адекваттуу болбой жатат. Бул жаатта да Өкмөт алгылыктуу кадамдарды жасашы шарт",- деди эл өкүлү.