SerepTV Logo

Улуттук банктын төрагасы коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткан. Депутат күмөн санап маалымдама сурады

Улуттук банктын төрагасы коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткан. Депутат күмөн санап маалымдама сурады
Бүгүн, 19-майда депутат Бейшеналы Нурдинов парламенттин отурумунда Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдон «Өткөндө протоколдук буйрук болгон, сизди комитетке чакырышты, эмнеге келбедиңиз?» деп сурады. Улуттук банктын башчысынын айтымында, ал коронавирустун айынан 1,5 ай ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүсүндө болгон жана ал 17-майда жумушка чыккан. «Мен ооруканада даарыланып жатканда бир нече депутат менен жолуктум»,- деди Улуттук банктын башчысы. - Сиздин ооруп жатканыңыз расмий түрдө катталдыбы? - деп сурады депутат. - Албетте, - деди Абдыгулов. Депутат Улуттук банктын башчысы келбей койгондо күмөн санагандыгын билдирип, маалымдамасын көрсөтүүсүн айтты.
edita