SerepTV Logo

Депутат Улуттук банктын кызматкерлерине: "Маянаңар монстрдын айлыгындай"

Депутат Улуттук банктын кызматкерлерине: "Маянаңар монстрдын айлыгындай"
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Улуттук банктын төрагасынан бир жылдын айлыктын суммасы канча экенин сурады. Төрага 2021-жылы болжолдуу 600 миллион сом экенин, 700гө жакын кызматкер бар экенин айтты. Депутат: Улуттук банкта элеби? Төрага: Улуттук банкта эле. Депутат: Ошондо ар бир кызматкерге 100 миң сомдонбу? Төрага: Жок, 100 эмес, андан көп. Депутат: Мен түшүнүп жатам, президент айлыкты жогорулатып жатат. Анткени алардын айлыктары өтө аз. Силердин айлыкты ким бекитет? Төрага: Президенттин указы бар. Депутат: Айлыгыңар монстрдын айлыгындай да силердики.