SerepTV Logo

Депутат: "Украинадагы Кыргыз жарандар элчилик менен байланыша албай жатышканын айтты"

Депутат: "Украинадагы Кыргыз жарандар элчилик менен байланыша албай жатышканын айтты"
"Азыр бизге Украинадагы жарандар элчилик менен байланыша албай жатабыз деп жатышат", - деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов. "Ошого көңүл буруп койсоңуздар. Көпчүлүк чыгып кете баштады дейт. Элчилик менен байланышып, жардам сурайлы десек, эртеден бери байланыша албай жатабыз дешти", - деди ал. Буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев элчилик штаттык режимде иштеп жатканын айткан болчу.