Депутат: "Украинадагы кырдаалдан улам Орусиядан мигранттар кайтып жатышат"
"Украинадагы кырдаалдан улам Орусиядан Кыргызстанга мигранттар кайтып жатышат". Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, Орусияда иштөөнүн пайдасы жок болуп калды. "Маянасы аз болгонунан тышкары армиясына кошуу аракети да болуп жатат", - деди ал.