SerepTV Logo

Депутат Түлөбаев: "Эмне үчүн колубузда алтын турса, Кытайдын карызын төлөбөй жатабыз?"

Депутат Түлөбаев: "Эмне үчүн колубузда алтын турса, Кытайдын карызын төлөбөй жатабыз?"
"Эмне үчүн колубузда алтын турса, Кытайдын карызын төлөбөй жатабыз?". Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеште суроо салды. "51 тонна алтыны жок деле жашаганбыз. Эмне үчүн 1 миллиард 800 миллион долларды төлөп салбайбыз? Көп болсо, 26-27 тонна алтын болот экен", - деди депутат. Депутат Балбак Түлөбаев буга чейин ушул жылдын февраль SuperTV телеканалынын «Собол TIME» долбоорунда жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров кааласа, Кытайдын карызын азыр төлөп коёрун айткан болчу.
info