Депутат Токтошев: "Депутат билимдүү болушу керек. Билим болбосо кантип мыйзам кабыл алат?"
Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Ага ылайык, жогорку билимге ээ эмес депутаттыкка талапкерлер шайлоого катыша алышат. Эл өкүлдөрү өздөрү бул боюнча кандай пикирде?
Депутат Эмил Токтошев баарыбыз баштапкы орто билимдүү экенибизди, мыйзам жазууда билим керек экенин айтты. "Билим сөзсүз керек. Көрүп жатасыңар, күнүнө 4-5 мыйзамды окуп жатабыз. Ар бир мыйзамга өз оюбузду айтабыз. Ой айтардан мурда өзүбүз биз нерсе билишибиз зарыл. Билим болбосо кантип мыйзам кабыл алат?" - деди ал.
https://youtu.be/RcVxkX99Gus