SerepTV Logo

Депутат Токторбаев: "Жээнбековдун эле эмес, Отунбаеванын да экс макамын алуу керек"

Депутат Токторбаев: "Жээнбековдун эле эмес, Отунбаеванын да экс макамын алуу керек"

Депутат Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Акылбек Түмөнбаевдин "Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алуу демилгесин көтөрөм" деп берген маегин көрүп чыкканын айтып, өзүнүн ою менен бөлүштү.

"Мен буга чейин бул маселени түпкүрүнөн талдап чыгып, экс-президенттердин артыкчылыктарын алуу боюнча мыйзамдын долбоорун демилгелегем. Бул мыйзам долбоору да коомчулукта, кесиптештеримдин арасында бир топ кызуу пикирлерди жаратууда. Кесиптешим Түмөнбаевдин мурдагы президенттердин ичинен Сооронбай Жээнбековдон гана экс-президент макамын алуу демилгеси туура эмес. Жаманбы-жакшыбы ал киши 3 жыл президент болду. Ооба, өзүн бийликке президент кылып алып келген досу Алмазбек Атамбаевди камады. Бул кадамы туура болгонбу же аша чапкандыкпы коомчулук өзү баасын берет. Андан сырткары Жээнбеков президенттин ыйгарым укуктарын аткарууда коррупциялык элементтерди ишке ашырып, мыйзамсыз иштерди жасады деп айтуудан да алысмын. Ырас, эгер чындап эле экс-президенттердин макамын ала турган болсок, анда эл өкүлү катары баарыбыз нейтралдуу болуубуз зарыл. Тагыраагы бүгүнкү күндө эки эле кишиде экс-президент макамы бар. Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековдо. Анда Роза Отунбаеванын да макамын алууну кароо зарыл. Мыйзам чыгаруучу органдын мүчөсү болгон соң адилеттүү болуп тандалма мамиле жасоого жол бербешибиз керек!" - деди ал.