SerepTV Logo

Депутат: "Тамтыгы чыккан Жумгал - Ак-Талаа жолуна Акылбек Жапаровдун аты татыктуу болот"

Депутат: "Тамтыгы чыккан Жумгал - Ак-Талаа жолуна Акылбек Жапаровдун аты татыктуу болот"
Жумгал - Ак-Талаа жолунун тамтыгы чыгып калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди. "120 чакырым жол 40 жылда жасалат. 40 жылда бери жакта жасалган 5 чакырымдын тамтыгы чыгат. Ошол тамтыгы чыккан Жумгал - Ак-Талаа жолуна Жапаровдун атын ыйгаралы деген демилге бар. Акылбек Жапаровдун аты татыктуу болот. Азыр тамтыгы чыккан жолдорго Акылбек Жапаровдун атын ыйгаруу маселеси көтөрүлүшү керек", - деди ал.