Депутат Сатыбалдиев Казакпаевдин өлүмү боюнча: "Жабыркап турган адам сөзсүз бирөөнү күнөөлөйт"
Депутат Элмурза Сатыбалдиев "Саясий коктейль" берүүсүндө тергөө абагынан ооруканага жеткирилип, эс-учуна келбей көз жумган саясат таануучу Марат Казакпаев боюнча суроого жооп берип жатып, окуя терең изилдениши керек экенин билдирди.
"Оорулардын жалпы тизмеги бар. Кайсы оорулар менен камакта кармап туруу болбойт деген. Эгер ошолордун тизмегине кирген болсо, эч качан укук коргоо органдары кармап жатпайт. Сот аркылуу ал чыгышы керек. Жабыркап турган адам, бир тууганын жоготкон адам сөзсүз бирөөнү күнөөлөйт. Аларды туура түшүнүш керек. Себеби, басып сүйлөп жүргөн бирөөнүн атасы, бирөөнүн агасы көз жумду да. Муну терең изилдеш керек. Мен бул кишинин оорусун да билбейт экем. Бул кишинин кайсы жерде жатканын билбейт экем, бирок изилдениши керек. Бир туугандарына көңүл айтам", - деди депутат.
10-июнда саясат таануучу Марат Казакпаев 56 жашында эс-учуна келбей каза болду. Жубайы Анар Казакпаева анын өлүмүнө УКМК күнөөлүү экенин айтып чыккан.