SerepTV Logo

Депутат саламаттыкты сактоо министринин орун басарына: "Дагы бирөөнү каматкыңар келип жатабы?"

Депутат саламаттыкты сактоо министринин орун басарына: "Дагы бирөөнү каматкыңар келип жатабы?"
Бүгүн, 6-июнда Социалдык саясат боюнча комитет жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну, вакцинага жеткиликтүүлүк механизминин алкагында коронавируска каршы вакцинациялоону колдоо, ратификацияны колдоо боюнча мыйзам долбоорун кароону сунушташты. Мыйзам долбоор боюнча маалымат берүү үчүн комитетке министрдин орун басары Нурийла Шериева келди. Ал жыйналышка келерин эртең менен укканын айтып, суроолорго жооп берүүгө аракет кыларын билдирди. Депутат Айбек Маткеримов министрдин орун басарынан долбоор тууралуу так маалымат жок болсо, бекер убакытты кетирбей эле коёлу деп сунуштады. Буга аткаминер жетиштүү маалыматы бар экенин айтты. "30-июнда ратификация болот, ошол үчүн жетишпей калабыз деп..." - деди министрдин орун басары. "Дагы бирөөнү каматкыңар келип жатабы? Бул эмне деген сөз 30-июнда болуш керек деп. Дагы бирөөнү каматкыңар келип жатабы? Же бизди кошо тергөөгө алып баргыңар келип жатабы? Сиздер билип жатасыңар да, силердин министрликте мунун артынан кандай чыр болуп жатканын", - деди депутат.