SerepTV Logo

Депутат: "Принцесса дури" бери жагы эле, мектепте наркотикалык конфеттер сатылат экен"

Депутат: "Принцесса дури" бери жагы эле, мектепте наркотикалык конфеттер сатылат экен"
Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев "Принцесса дури" боюнча үн катты. "Кечээ "Принцесса дури"  деп ызы-чуу чыкты. Бул бери жагы эле. Атайын мектептерде наркотикалык конфеттер, клейлер сатылат экен. 8-мартта балдар кыздарга электрондук тамеки белек кылышыптыр. Ушундай көрүнүштөр мектептерде көп учурап жатат. Ушуну өзүнчө карап койсок", - деди депутат. 26-мартта социалдык тармактарда күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Кечээ, 4-апрелде аталган кылмыш боюнча 3 шектүү кармалган.
edita