Депутат педофилдерди кастрациялоо мыйзамын кайра кароону сунуштады
Парламентте педофилдерди химиялык кастрациялоо мыйзам долбоорун кайра кароо сунушталууда. Мындай демилге менен бүгүн депутат Дастан Бекешев чыкты.
Ал бүгүнкү күндө мындай кылмыштар уланып жатканын айтып, 9-апрелде Кара-Сууда болгон окуяны эске салды.
«Биз 5-чакырылыштын депутаттары 2013-жылы балдарды зордуктаган кишилерди химиялык кастрациядан өткөрүү мыйзам долбоорун сунуштаганбыз. Ошол учурда мыйзам долбоору өткөн эмес, бүт депутаттар колдогон менен президент колдобой койгон. Буга Конституция албетте, жол бербейт. Бирок биз азыр ошого кайрылсак. Азыр ушундай кылмыштар болуп жатат. 9-апрелде Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 7 жашар кызды 26 жаштагы жаран зордуктаган. Мен президентке кайрылат элем - бул мыйзам долбоорун кабыл алалы. Мына Казакстанды деле караса болот, алар мындай мыйзам долбоорун 2 жыл мурун кабыл алышкан», — деди ал.