SerepTV Logo

Депутат Орозо айында кумаркана ачууну колдоп добуш берген кесиптештерин уяткарды

Депутат Орозо айында кумаркана ачууну колдоп добуш берген кесиптештерин уяткарды
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров төрага Талант Мамытовдон Тамчыда кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну суранды. Бүгүн, 21-апрелде бул мыйзам долбоору 68 эл өкүлүнүн макулдугу менен биринчи окуудан өткөн болчу. "Азыркы 16-добуш берүүдөгү маселе казино боюнча болчу. Рамазан айында турасыздар. Орозо ачка калуу менен эле кармалбайт. Кудайдын ыраазычылыгы менен кармалат. Көп депутаттар азыр суранып атат. Айрым депутаттар «макул» деп добуш берип алышыптыр. Ушуну кайра добушка койсок. Бул жерде биринчиден, аппараттын күнөөсү бар. Мыйзам долбоору 8-апрелде талкуулангандан кийин добушка коюлушу керек болчу. Ошол күнү регламент бузулуп, мыйзам долбоору добуш берүү саатында кирбей калган. Ортодо 3 жума өткөрүп, добуш берүүгө коюп жатасыңар. Азыркы добуш берүү 6-чакырылыштын эң жаман көрсөткүчү. Эртең элдин арасына барып, кантип жүзүбүздү көрсөтөбүз. Ошондуктан кайра добушка коюуну суранат элем", - деди депутат. Ал ортодо 4 эл өкүлү мыйзам долбооруна адашып, «макул» деп добуш берип алышканын билдиришти. «Айрымдарыбыз кеп казино жөнүндө экенин түшүнбөй, макул дегенди басып алдык. Алардын катарында мен да басып алдым. Темасын казино деп койбой, башка тема коюп өткөрдүңөр. Мындай болбойт, кайра добуш берели», - деди Айбек Осмонов.  Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Бактыбек Турусбеков регламент боюнча добуш берилгенин айтып, кайра добуш берүүгө каршы болду. Төрөбай Зулпукаров өтүп кеткен мыйзам долбоорун кайра добушка коюуга мыйзам жол берерин билдирди. Долбоордун авторлорунун бири Дастан Жумабеков мыйзам добушка коюлуп жатканда аты аталганын айтып, «билбей, макулду басып алдым» дегендер эл көзүнө гана айтып жатышканын кошумчалады. Ал төрагага мыйзамды кайра добушка койсо, регламент бузуларын эскертти. «Экинчи, үчүнчү окуу бар алдыда. Ошондо ойлорун билгизишсин», - деди Жумабеков. Улукбек Ормонов кайра добушка коюп, Орозо айы тууралуу эскертүүнү добуш берген депутаттарга басым катары баалады. «Орозону айтып, жалпы мусулмандарды айтып, добуш берген депутаттарга басым болуп атат. Каапырлардын акчасын эмнеге аяп атасыңар, бул биздикилер үчүн эмес, чет элдиктер үчүн деп айтылып жатпайбы!» - деди ал. Талаш-тартыштар менен төрага биринчи протоколду жокко чыгаруу маселесин добушка койду. "Макул" деп 46 депутат, «каршы» деп 13 депутат добуш берди. Бардыгы 97 депутат катталган. Биринчи добуш берүүнү жыйынтыгын жокко чыгарууга азчылык макул болгон үчүн маселе өткөн жок. Мыйзам долбоор биринчи окууда кабыл алынганы күчүндө калды.
Unknown Author