Депутат: "Органын алмаштырган жарандар 6 айдан бери дары ала албай жатышат"
Жылдын башында органдарын алмаштырган жарандарыбыз жөнүндө сөз болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин шалаакылыгынан алына турган дарылар 8 ай алынган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
"Органдарын алмаштырган 100дөн ашык жаран бар экен. Кредит алып, өзүлөрүнүн ден соолугун карап жатышат. Мына эми кайрадан кайрылышууда. 2021-жылы 8 ай ала албай жүргөн болсо, быйыл 6 айдан бери дары ала албай жатышыптыр. Бул жагдай министрге кылмыш ишин ачканы менен байланыштуу экен. Муну чечиш керек да", - деди ал.