SerepTV Logo

Депутат окуу жайдын аянтына ректорлор үй салып алган учурлар болгонун айтты

Депутат окуу жайдын аянтына ректорлор үй салып алган учурлар болгонун айтты
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Акыл Кемелов окуу жайларга тиешелүү тилкелерге ректор, директорлор өздөрүнө хан сарай салып алган учурлар бар экенин билдирди. Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, ал жерлер боюнча тактоону талап кылды. "Окуу жайлардын аянтында салынып калган ректор, директорлордун хан сарайлары тууралуу маселе менен билим берүү министринин орун басарына да кайрылдым эле. Бүгүн сизге да кайрылып коеюн. Сизде ушул боюнча так маалыматыңыз барбы?  Дене тарбия академиясынын аянтында ошол кездеги ректордун үйү салынып калган. Көркөм сүрөт окуу жайынын аянтында дагы ошол кездеги директордун үйү салынып калган, жана башка. Сиз аларга эмне себептен уруксат кагазы берилип калганын тактаңыз. Бүгүнкү күндө кандай чара көрө аласыңар? Кайра артка кайтаруу жолдорун карап чыгып мага жооп берип коюңуз", - деди депутат.
Unknown Author