SerepTV Logo

Депутат: "Ноокатта 3 эм төрөгөн келиндин жашоо-шарты оор болуп жатыптыр"

Депутат: "Ноокатта 3 эм төрөгөн келиндин жашоо-шарты оор болуп жатыптыр"
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнөн эже мага кайрылып, жакында эле үч эм төрөгөнүн айтып, турмуш-шарты оор экенин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров айтты. "Мамлекеттен кандай жардам болот?" - деп суроо салды ал. Министр Кудайберген Базарбаев сүйүнчү катары ар бирине 50 миң сомдон каралганын айтты. "Жергиликтүү бийликке карата жардамдар болот. Демөөрчүлөрдү издеп жардам берели", - деди ал. "3 эм төрөптүр. Жалпы 7-8 баласы бар экен. Жаш үй-бүлө экен. Жашоо шарты оор. Мен аты-жөнүн берейин, мамлекеттен жардам берели", - деди депутат. 10-июнда Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө Арык-Тейит айылынын 36 жаштагы тургуну үч эм ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген. Жергиликтүү бийлик үй-бүлөгө жер тилке убадалаган.