Депутат: "Мугалимдердин айлыгы жок дегенде 50-60 миң сом болушу керек"
"Биз мугалимдердин айлыгын кескин көтөрүшүбүз керек. 5-6 миң сом кошкон болбойт". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев айтып чыкты.
"Мугалимдердин айлыгы жок дегенде, 50-60 миң сом болушу керек. Мугалимдердин статусун, кадыр-баркын көтөрүшүбүз керек. Билим берүү болбосо, өнүгүү болбойт. Өнүгүүнүн башаты - билим берүү", - деди ал.
Ал мындан тышкары, мектепте иштеген техникалык кызматкерлердин да айлыгын көтөрүш керектигин, сабактарды кыскартуу керектигин айтты.