SerepTV Logo

Депутат министрдин орун басарына: "Мектепке кирип, 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?"

Депутат министрдин орун басарына: "Мектепке кирип, 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?"
Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айгүл Айдарова билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековага "мектепке кирип, 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?" деген суроо узатты. Бул суроого министрдин орун басары азык-түлүк арзан болуп турганда, жеткирүүчүлөр болгондугун, тендер өтүп келгенин, кымбаттаган соң Экономика министрлигине кайрылышканын айтты. "Мен сизге так суроо берип жатам. 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле? Өзүңүз деле кызыгып, суроого так жооп бербей, айланчыктап жүрөсүз", - деди депутат. «Азыр абалыбыз оор, компот жана булочка гана берилет. Азык-түлүк кымбаттай электе тамактар ​​даамдуу болчу”, - деди министрдин орун басары.