Депутат: "Мигранттардын балдары «Алтын балалык» борборунда эс алышы керек"
Орусиянын Свердлов облусунда иштеген мигранттардын балдары «Алтын балалык» борборунда эс алышы керек. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жакында эле Екатеринбургга парламенттик делегация барган. «Ал жерден балдарын «Алтын балалык» борборуна реабилитациядан өтүүнү суранган кыргызстандыктар менен жолуктук. Биз менен бирге Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп, алардын өтүнүчүнө макул болду. Биз аларга жардам беришибиз керек», - деди ал.