SerepTV Logo

Депутат: "Мектепте 7 сомго түшкү тамак берилет. Бул акчага кантип тамак жасаса болот?"

Депутат: "Мектепте 7 сомго түшкү тамак берилет. Бул акчага кантип тамак жасаса болот?"
"Аймактарда жайгашкан билим берүүчү мекемелерде окуучуларга берилип жаткан тамак-аш боюнча айткым келди", - деди депутат Лейла Лурова Жогорку Кеңештин жыйынында. "Чүйдөгү мектепте балдарга күнүнө 7 сомдон тамак-аш берилет. Чынын айтсам, бул мектептердин ашпозчулары балдарга кышка даярдалган азык-түлүктү үйлөрүнөн алып келет. Мектепте 800гө чейин бала 2 нөөмөт менен билим алат. Кантип балага 7 сомго түшкү тамак жасаса болот, түшүнүксүз», - деди ал. Ал бул маселени эртерээк чечиш керектигин айтты.