Депутат Марлен Маматалиев: "Ширшовду үй камагына чыгарып койгондору туура эмес болду"
Кечээ, 10-майда УКМК Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Ширшовдун коррупцияга шектелип кармалганын билдирип, бирок ошол эле күнү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты. Ширшовдун кармалышына байланыштуу "кустурат, кийин коё беришет" деген пикирлер айтылып, аны легалдаштыруу аракети болуп жатат дешүүдө. Мындан улам, депутаттарга "Ширшовду легалдаштыруу аракети болуп жатабы?" деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, ал адамды Кыргызстандын баары тааныйт жана анын схемаларын баары эле айтып келе жатышат. "Аны үйгө коё бербей, толугу менен жоопкерчилигин алып, жазага тартылышы керек. Чыгып кеткени үчүн коомчулукта туура эмес пикир жаралып жатат. Мен үчүн да бул туура эмес. Бардыгыбыз көрүп-билип жатабыз. Ал кишини тааныйбыз. Анан аны үй камагына чыгарып койгон туура эмес болду", - деди ал.
https://youtu.be/FL4Inh5yt_s