SerepTV Logo

Депутат Марипов тууралуу: "Эмнеге премьер-министр болуп турганын өзү деле түшүнбөй жүрөт окшойт"

Депутат Марипов тууралуу: "Эмнеге премьер-министр болуп турганын өзү деле түшүнбөй жүрөт окшойт"
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жыйын учурунда премьер-министр Улукбек Мариповдун ишине ичи чыкпай жатканын билдирди. Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, өкмөттүн кайсы бир тармакты өнүктүрүүгө багытталган көз карашын, иш-чараларын көрбөй жатканын айтты. «Биз жаш, таза премьер-министр шайладык деп кубанып аттык элек. Бирок акыркы убакта өкмөттүн бир тармакты өнүктүрө турган көз карашын, иш чараларын көрбөй жатабыз. Азыркы убакта эң чоң көйгөй энергетика тармагы болуп жатат. Токтогул суу сактагычында суунун аздыгын көрүп жатабыз. Күзүндө элге электр энергияны толук бере алабызбы-бере албайбызбы, бул маселе болуп турат. Коңшулардан сатып алабыз деген сөздөр болууда. Бирок биз өзүбүздүн ичибиздеги мүмкүнчүлүктөрдү колдонгонго аракет кылбай жатабыз. Чакан ГЭС проблемасын канчадан бери айтып келебиз. Тезирээк жеңилдик берип, шарт түзүп бергиле деп. Бирок өкмөттүн бул жаатта бир да аракетин көрбөйбүз. Бизге инвесторлор келип жатат. Жакында эле Япониядан келишип, блокчейн дата центр куралы дешти. Аларга электр энергия бере албайбыз деп узаттык. Алардын депутаттары кайрылып жатышат, Кыргызстанга инвестиция кылат элек деп. Бул маселе чечилбей турат. Анан биз кантип өндүрүштү өнүктүрүп, кантип инвестор алабыз эгер электр энергиясы өзүбүздө тартыш болуп жатса. Өкмөттүн негизги иши - экономика менен чарба да. Көрүнгөн нерседе жүрөт, ишембиликтерде жүрөт. Өзү деле түшүнбөй жүрөт окшойт, эмнеге премьер-министр болуп турганын», - деди депутат.
Unknown Author