Депутат Маматалиев: "Оор мезгилде акча жасагандар - бул элдин душманы"
"Оор мезгилде акча жасагандар - бул элдин душманы". Бул тууралуу SUPERTV‘нын «Собол тайм» рубрикасынын алкагында жооп берип жатып депутат Марлен Маматалиев айтты.
Соңку күндөрү өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. «Бул жаатта бийликтин жүргүзгөн ишине депутаттар кандай баа беришет? Эл түшкөн дүрбөлөңгө алар же үй-бүлөсү да түшүп, базарга барып, азык-түлүктү бастырып сатып алдыбы?». Ушундай суроо менен депутаттарга кайрылдык.
"Жагдайдан пайдаланып калган спекулянттарга чара көрүшүбүз керек. Оор мезгилде элден акча жасап жаткан жарандарды элдин душманына теңейт элем. Биздин үй-бүлө дүрбөлөңгө түшкөн жок, мен да ага жол бербейм", - деди Маматалиев.
https://www.youtube.com/watch?v=qS-BePKLJd8&t=121s