Депутат Мадумаровдун кармалышы боюнча: "Биз 3-революцияга даяр эмеспиз"
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго каршы мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалып, кийин камакка алынды. Бул окуя боюнча анын кесиптештери кандай пикирде?
"Чындыгында, мамлекетте күчтүү оппозиция болушу керек. Оппозиция канчалык күчтүү болсо, мамлекет өнүгөт. Депутаттын чыккынчылыгы барбы аны тергөө териштирет. Мадумаровдун оппозиция болуп турган учурда кармалышы бизди да кооптондуруп жатат. Сөз эркиндигине чабуул жасалгандай... Биз 3-революцияга даяр эмеспиз. Эми гана өнүгүү жолуна түштүк. Бизге 3-толкундун кереги жок", - деди депутат Шарапаткан Мажитова.
https://youtu.be/gcwC9fIw23o