Депутат Кыргызстандын желегиндеги сары өңдү ак түскө өзгөртүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Кыргызстандын желегиндеги сары өңдү ак түскө өзгөртүүнү сунуштады.
Анын айтымында, 30 жылдан бери туудагы сары түстөгү түндүк талкуу жаратып келе жатат. "Ушул тууну кабыл алгандан бери ар кандай сөздөр айтылып келди. Ортосундагы түндүктүн, күндүн сары түсү талкуу жаратып келет. "Бул күнкарама болуп калган, ошол үчүн биз ар кимден акча сурап келе жатабыз, ошондуктан өзгөртүш керек" деп айтылууда. Ошол үчүн мен айтам, көп мамлекеттердин туусун өзгөрткөн учурлары бар. Биз дагы сары түстү ак түскө өзгөртсөк болот. Сунушту президенттин өкүлү карасаңыздар", - деди ал.