SerepTV Logo

Депутат: "Кумтөрдүн" ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү керек"

Депутат: "Кумтөрдүн" ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү керек"
"Кумтөрдүн" ишин текшерүү үчүн "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясы депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул сунушту депутат Жыргалбек Турускулов бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында киргизди. Анын айтымында, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн мурунку парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын чечимдеринин аткарылышын текшерүү керек. «Алтындын запасы жана компаниянын иштери жөнүндө ар кандай пикирлер айтылууда. Ошондуктан, биз депутаттык комиссия түзүп, текшерүү жүргүзүүнү сунуштайбыз. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн киргизүү керек»,- деди ал. Ал эми депутат Дастан Бекешев комиссиянын максаты белгисиз экендигин белгиледи. "Садыр Жапаров өзү "Кумтөрдү" текшерип чыкса жакшы болмок",- деди ал.
edita