SerepTV Logo

Депутат Коргонбай уулу: "Биздин үй-бүлө азык-түлүктү күнүмдүк эле сатып алат. Ачка калган эч ким жок"

Депутат Коргонбай уулу: "Биздин үй-бүлө азык-түлүктү күнүмдүк эле сатып алат. Ачка калган эч ким жок"
"Биздин үй-бүлө азык-түлүктү күнүмдүк эле сатып алат. Ачка калган эч ким жок". Бул тууралуу SUPERTV‘нын «Собол тайм» рубрикасынын алкагында жооп берип жатып депутат Жусупбек Коргонбай уулу айтты. Соңку күндөрү өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. «Бул жаатта бийликтин жүргүзгөн ишине депутаттар кандай баа беришет? Эл түшкөн дүрбөлөңгө алар же үй-бүлөсү да түшүп, базарга барып, азык-түлүктү бастырып сатып алдыбы?». Ушундай суроо менен депутаттарга кайрылдык. "Ар аптада эле ушул маселе көтөрүлүп жатат. Агрардык өлкө болгон соң, азык-түлүк менен өзүбүздү камсыздашыбыз керек. Ал үчүн дыйкандарга шарт түзүп берүү зарыл. Биздин үй-бүлө дүрбөлөңгө түшкөн жок, биз күнүмдүк эле азык-түлүк сатып алуу менен келе жатабыз. Ачка калган эч ким жок", - деди Коргонбай уулу. https://youtu.be/qS-BePKLJd8