Депутат: "Коңшулар жолдорун бетон менен куюп жатат, биз буга качан жетебиз?"
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Урмат Самаев өлкөдө жасалып жаткан жолдордун сапаты начар болуп жатканын белгиледи. «Бүгүнкү күндө эмне себептен жолдор 5 жылга чыдабай жатат? Жасалат, бирок 5 жылга чыдабайт. Союздун жолдору 25-30 жылдан бери турат. Мунун себеби эмнеде?» - деди депутат.
Транспорт министрлигинин өкүлү Нурланбек Кайынбаев буга өлкөдө автоунаа каражаттарынын көбөйүшү себеп болуп жатканын белгиледи. «1995-жылдарга салыштырмалуу азыр бизде кыймылдын интенсивдүүлүгү 10 эсе өскөн. Транспорт каражаттарынын саны да 10 эсе өскөн. Негизги трассаларды оңдоп келе жатабыз, ал жакта мындай маселе жок. Анткени алар ошого эсептелген. Жергиликтүү маанидеги жолдор 6-8 тоннага эсептелгендиктен, ал жакта маселе жаралып жатат. Бизде негизи жолдордун өнүгүшү транспорт каражаттарынын өнүгүшүнөн артта калган», - деди ал.
Депутат коңшу мамлекеттер жолдорун бетон менен куюп жатканын айтып, Кыргызстан мындайга качан жетерине кызыкты. Нурланбек Кайынбаев эмдиги жылдан баштап, жолдорду цемент жана бетон менен каптоо ишке кире турганын, буга япониялык JICA агенттиги жардам көрсөтүп жатканын билдирди.