SerepTV Logo

Депутат Кой-Таш окуялары боюнча ишти кайра карап чыгууну талап кылды

Депутат Кой-Таш окуялары боюнча ишти кайра карап чыгууну талап кылды

2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш ишин кайра карап чыгуу керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында, бул ишке буйрук бергендер учурда кызматта эмес, же качып жүрүшөт.

«Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумдардын болуп жатканына 2-жылга баратат. Үч ишти бириктирип салышты, биздин каршы сөздөрүбүзгө судья эч нерсе жооп бере албайт. Отурум өтчү зал жык-жыйма. Бул абалдан чыгуу керек. Тергөө тобун түзүп, бул ишти кайра карап чыгыш керек», — деди Ирина Карамушкина.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-мартында Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча ишти териштирүүнү 11-майга чейин узарткан. Бул иште айыпталуучу катары экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов,  депутаттар Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Рыспек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Канат Осмоналиев, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев, Канат Сагымбаевдер өтүп жатышат.

Unknown Author