SerepTV Logo

Депутат Каныбек Иманалиев: "Эми президентке указдарга чуркап баратып кол коюуга туура келет"

Депутат Каныбек Иманалиев: "Эми президентке указдарга чуркап баратып кол коюуга туура келет"
Ар бир маселеге 2 мүнөттөн убакыт бөлгөн президенттин иши сапатуу болбойт. Мындай оюн бүгүн, 3-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, бүт жоопкерчиликти президент өз мойнуна алат деген туура эмес. Бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алганга президенттин убактысы да жетпейт. "Жаңы Конституцияны кабыл алуу эч жерде жазылган эмес. Ошондой болгондон кийин биздин бүгүнкү аракет канчалык Конституциялык нормаларга туура келет. Конституциялык палатанын корутундусу жок. Депутат Дастан Бекешев айткандай, Конституциялык мыйзамга 80 депутат демилгечи болушу керек эле. Тилекке каршы, 4 эле депутат демилгечи. Анан бул долбоор 1 ай коомдук талкууда турушу керек эле. Баяндамачынын бир эле жообу болду. "Баарын, бүт жоопкерчиликти президент мойнуна алат" деген. Мамлекеттик мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматтагы адамдын 4 жоопкерчилиги бар. Алар: биринчи эскертүү берилет. Экинчи сөгүш берилет. Үчүнчү, кызматынан төмөндөйт. Төртүнчү жумуштан алынат анан жазага тартылат. Тигил же бул аким начар иштесе, министр начар иштесе, сот начар иштесе президент кантип жооп берет. Дүйнөдө абсурд баарына президент жооп берет деген. Президенттин ушул ыйгарым укуктары: министрлер кабинетин түзөт, элдик курултайды чакырат, мыйзамды референдум аркылуу өткөрө алат, президенттик аппаратты башкарат, өкмөттү башкарат, акимдерди башкарат, губернаторлорду дайындайт, жаңы орган түзө алат, коопсуздук кеңешин жетектейт, мамлекеттик кызматты дайындайт, президенттик аппаратты дайындайт, мыйзамдарга кол коет жана башка толтура иштерди кылат. Мындан тышкары ал Жогорку Кеңештин ар бир депутатын кабыл алышы керек. Ошентип бөлүштүрүп келгенде, 365 күндүн 60 күнү иш күнү эмес болсо, 20 күнү чет өлкөгө иш сапарга кетсе, 20 күнү аймактарды кыдырууга кетсе, бул функцияларды аткаруу үчүн Кыргызстандын президенти ар бир маселеге 2 мүнөт эле бөлүшү керек болот. Президентке эми чуркап баратып указдарга кол койгонго туура келет экен. Мындай президент сапаттуу иштей албайт. Сиздер президентти өтө майда иштерге аралаштырып ийдиңер",- деди ал.
edita