SerepTV Logo

Депутат Кадырбеков: "Доллар көтөрүлсө, көз ирмемде баа да көтөрүлөт. Доллар түштү, баа эмнеге түшпөй жатат?"

Депутат Кадырбеков: "Доллар көтөрүлсө, көз ирмемде баа да көтөрүлөт. Доллар түштү, баа эмнеге түшпөй жатат?"
"Доллар көтөрүлсө, көз ирмемде баа да көтөрүлөт. Доллар түштү, баа эмнеге түшпөй жатат?". Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди. "Өткөндө доллар көтөрүлдү деп, көз ирмемде товарлар, баарынан мурда азык-түлүк кымбаттаган. 105 сомго чыккан доллар кайра 85 сомго түштү. Бирок товарлардын баасы арзандабай жатат. Эмне үчүн ушундай? Бул жолкусунда эле эмес, дайыма эле ушундай болуп келет", - деди депутат. Эл өкүлү парламенттеги президенттин жана Министерлер кабинетинин өкүлүнөн жооп күтөрүн айтты.