Сеидбек Атамбаев "Кактус медиа" сайтына козголгон иш боюнча: "Журналисттерге статус же иммунитет бериш керек"
"Журналисттерди суракка чакырганды туура эмес деп эсептейм". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев билдирди.
"Жарандардан кайрылуулар болуп жатат. Анан да депутаттар эч нерсе деп сүйлөбөй жатат дешүүдө. "Жалтак болуп калыптыр" дейт. Же статус бериш керек же иммунитет бериш керек", - деди ал.
Кечээ, 1-февралда Башкы прокуратура тарабынан "Кактус медиа" сайтында жарыяланган кабар боюнча кылмыш иши козголгон.