Депутат Искендер Гайпкулов президенттин аппаратында бөлүм башчы болуп дайындалды
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайпкулов президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин аталган кызматты Данияр Иманалиев аткарып келген. Ал башка кызматка өткөнү айтылды.
Белгилей кетсек, Искендер Гайпкулов парламентке «Ата Мекен» фракциясынан депутат болуп келген.