SerepTV Logo

Депутат Исатбек кызы: "Жаңы Ак үйдү салуу үчүн жеке ишкерлерге жер берүү канчалык туура билбейм"

Депутат Исатбек кызы: "Жаңы Ак үйдү салуу үчүн жеке ишкерлерге жер берүү канчалык туура билбейм"
Президент Садыр Жапаров өткөн аптада жаңы Ак үйдүн курулушуна капсула салып, бирок бул окуя коомчулукта талкуу жаратты. Анда мамлекет башчысынын бул кадамы анын буга чейин «Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам» дегенине каршы келерин билдиришти. Көп өтпөй "Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың" деген өлкө башчысы анын курулушуна мамлекеттин бир тыйын акчасы кетпегенин жана анын курулушунун баасы 16 гектар жерге алмашылып жатканын айтты. Президенттин бул билдирүүсү талкууну ого бетер күчөттү. Мындан улам депутаттарга "Жаңы Ак үйдүн курулушу азыркы кырдаалда керек беле же жокпу?" деген суроо менен кайрылдык. Депутат Аида Исатбек кызы бул боюнча пикир айтуу оор экенин билдирди. "Ак үй салынат деп, бирок ага мамлекеттик казынадан эмес, жеке ишкерлердин акчасына дешүүдө. Биздин билишибизче ошол жеке ишкерлерге 16 гектар жер бөлүнүп жатат. Бирок бул канчалык туура же туура эмес, азырынча билбейм", - деди ал. https://youtu.be/OzKUAFBGqq4