Депутат Эрулан Кокулов блогер Гүлзат Мамытбектин кылмыш ишин көтөрдү (видео)
Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов блогер Гүлзат Мамытбек эмне себептен бошотулганына кызыкты.
"Бул айымга мен иликтөө жүргүзгөндө жүрөккө операция кылам деген 2 жашар кыздын 5000 доллар акчасын көбөйтүп берем деп качып кеткен. Эки пенсионердин акчасын алып, Москвага качып кеткен. Соттон чыгып алып жарнамаларга тартылып, бийлеп концерт коюп жүрөт. Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы?" - дейт депутат.
24-майда блогер Гүлзат Мамытбек сот залынан бошотулган болчу.