Депутат: "Губернатор статусун жоюш керек"
"Облустук администрацияларды, губернатор статусун жоюш керек". Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.
"Жылына бюджеттен миллиардаган каражаттар бөлүнгөнү менен көзгө басар жумушу жок. Административдик-аймактык реформанын алкагында жумушчу топ ушул маселеге көңүл бурушу зарыл", - деди ал.