Депутат Эрулан Кокулов: "Убагында үйлөнүп, ажырашкам. Эки балам бар" (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты, «Не сахар» долбоорунун негиздөөчүсү Эрулан Кокулов SUPERTV телеканалына жеке жашоосуна байланыштуу кептерге чекит коюу максатында эксклюзивдүү маек берди.
"Жеке жашоо жөнүндө сүйлөгөндү жаман көрөм. Замира аттуу аял туура эмес маалыматтарды таратканына байланыштуу чындыкты айтып коюу керек болуп жатат. Ооба, убагында үйлөнгөм. Эки балам бар. Турмушта өйдө-ылдый нерселер болот экен. 4-5 жыл болуп калды мен бошмун. Өмүр бою жалгыз жашашым керек эмес да. Буюрса, алдыда жакшы жаңылык күтүп жатат деп ойлойм", - деди депутат.
https://www.youtube.com/watch?v=_LMGbYCwFSg&t=1s