SerepTV Logo

Эрулан Кокулов: "Депутаттыкка караганда жүрөгүмө "Не сахар" долбоору жакын" (видео)

Эрулан Кокулов: "Депутаттыкка караганда жүрөгүмө "Не сахар" долбоору жакын" (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты, «Не сахар» долбоорунун негиздөөчүсү Эрулан Кокулов SUPERTV телеканалына жеке жашоосуна байланыштуу кептерге чекит коюу максатында эксклюзивдүү маек берди. Маек учурунда ал "депутаттык мандат же "Не сахар" долбоорунун ортосунда тандоо болсо, кайсынысын тандайсыз?" деген суроого жооп узатты. "Не сахар" долбоорунда иштеген 4 жылдык жумушума өзүм канааттандым. Эң негизгиси, адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөрттүк. Мурун 1 жылда биз тарткан санитардык талапка жооп бербеген объекттердин 7-8 жерин оңдоттук деп мактансам, азыр балдар (Умар Даданов баш болгон тартуучу топ) тарткан 10 объекттин 9у жууп-тазаланып, оңдолуп жатат. Буга депутаттык мандат алганымдын таасири болсо керек деп эсептейм. Акыл-эстүү адам катары депутат болуп чоңураак салым кошуп жатканыма рахмат айтам. А бирок жүрөгүмдө "Не сахар" долбоорун тандамакмын", - дейт Эрулан Кокулов.  https://www.youtube.com/watch?v=_LMGbYCwFSg&t=1s