SerepTV Logo

Депутат энергетика министрине: "Мен аркан менен самын даярдап койдум"

Депутат энергетика министрине: "Мен аркан менен самын даярдап койдум"
"Башкы прокуратура Энергетика министрлигин 2 айдан бери текшерип жатат. Жетекчилик тыйын короткондон коркуп жатат", - деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмурзаев 29-июндагы парламенттин жыйынында. Депутат Акбөкөн Таштанбеков министрликке өз каражатына берген 100 электр мамыны бүтүрүп берүүнү талап кылды. «Мен да чөнтөгүмдөн акча чыгардым, 1 миллион сом короттум», - деди депутат. Энергетика министри Таштанбековго кайрылып, колго алган соң, ишти аягына чыгарууну өтүндү. «Биз да элге жардам бергибиз келет, бирок сиз да бизди түшүнөсүз. 7 миллиард сом бюджетибиз бар”, - деди министр. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев министрге чара көрүлөрүн билдирди. «Министрге чара көрөм, ага көрсөтмө бердим. Төлөп бергиле деп жатат", - деп жооп берди Төрөбаев. «Мен министрге мамылардын жанында аркан жана самын даярдап койдум», - деп жооп берди депутат.